Ала-Букада баңгизаттарды сатууга шектелгендер кармалды

Ала-Бука районунда баңгизат сактууга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Р. аттуу жаран ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Ала-Бука районунун 49, 48 жана 31 жаштагы тургундары кармалып, алардын үйлөрүнөн жалпы салмагы 557 граммды түзгөн баңгизатына окшогон зат табылган. Бул боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан