Бүгүн, 10-декабрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов өлкөдө 3626 мечит, медреселер бар экенин, акыркы үч жылдагы текшерүүдө алардын 1000ден ашык мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын билдирди.
Жыйында "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Анда ал мыйзамсыз деп табылгандардын көбү санитардык талаптарга, өрт коопсуздугуна жооп бербей турганын жана айрымдары үлүш жерлерге салынганын белгиледи.
"Ошол диний жайлардын 880и бүгүнкү күндө каттоодон өттү. Ал эми 120 мечитке каттоого такыр мүмкүн эмес деген тыянак чыккан. Алар эч кандай макулдугу жок эле курулуп калган. Алардын арасында суунун жээгине, каналдын үстүнө курулуп калгандары бар. Азыркы мыйзам долбооруна биз мечитти курганга чейин жергиликтүү бийликке, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылсын деген норма киргизип жатабыз", - деди ал.