УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жаңы курулуп жаткан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатка барды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда атайын кызматтан кабарлашты.
Маалымдалгандай, анда Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, бул мектеп-интернатта чогуу окуган классташтары жана мугалими менен бирге мектеп-интернаттын аймагына бак-дарак тигишти.
"Учурда В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты үчүн 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат. Эки объектинин курулушу иштери 70 пайызга аткарылган. Камчыбек Ташиев бул окуу мекемесинин курулушун келерки жылга аяктап, пайдаланууга берүү тапшырмасын койгон", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле билим уясында өзүнчө спорт, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлары менен курулууда. Учурда объектиде ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Мектеп 324 миллион сомго бааланган. Ал эми 500 орундуу жатакана 4 кабаттан туруп, жатып окуганга бардык шарттар түзүлөт.
Бул Ош шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон балдарды тарбиялаган жалгыз мектеп-интернаты. В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты 1964-жылдан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ага советтик туңгуч космонавт айым Валентина Терешкованын ысымы ыйгарылган.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев ушул мектеп интернатында билим алган.