Депутат мектептерде араб тилин окутууну сунуштады (видео)

Бүгүн, 10-декабарда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Бакытбек Марипов мектептерде араб тилин окутууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, араб өлкөлөрүндө эмгектенген, окуган кыргыз жарандары көбөйгөндүктөн, араб тили керек болууда.

"Мектептерге араб тилин киргизсек кандай болот? Башка орус, англис тилдерин окуп жатышыт. Ал эми жогорку окуу жайларга барсаңыз кытай, корей тилдерин үйрөнүп жатышыт. Динден тышкары эле араб тилин мектептерге сөзсүз түрдө киргизүү керек. Себеби биздин жарандар араб өлкөлөрүнө барып иштеп, окуп жатышат", - деди депутат Марипов.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов мектепке араб тилин киргизүүгө эч кандай чектөөлөр жок экенин билдирип, аталган маселе боюнча Билим берүү министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет карап чыгуусу керек экенин айтты.

Депутат мектептерге араб тилин киргизүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан