Түркиянын Ван провинциясында туман жана муздан улам Ван Эргис унаа жолунда арты-артынан унаалар кырсыкка кабылды. Мындай видео телеграмм каналдарга жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, жолдун тайгактыгынан жана тумандан улам 30дай унаа кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 51 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинен 4 адамдын абалы өтө оор.
Окуя болгон жерде унаа кыймылы жарым-жартылай калыбына келтирилди. Учурде жеринде тийиштүү кызматтар иш алып барууда.