Бишкекте коомдук автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөргө 1000 сом айып пул салынат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мэриянын өкүлдөрү Милициянын кайгуул кызматкерлери менен бирге рейд жүргүзүп, автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр текшерилет.
Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда жүргүнчүгө 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.