Жоэль Кожо мыкты аталып, эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алды (видео)

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте мыкты футболчуларды сыйлоо аземи өтүүдө. Анда 2024-жылда Кыргызстандын мыкты футболчусу болуп улуттук кураманын чабуулчусу Жоэль Кожо табылды.

Ал сахнага чыкканда эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алып, саамга үн-сөзсүз турду. Футболчуну залдагылар кол чабуу менен кубатташты.

Өз сөзүндө Жоэль Кожо апасына, туугандарына, командалаштарына жана жалпы күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирип, "Алга Кыргызстан" деп сөзүн жыйынтыктады.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан