Мамдума мигранттардын балдары орус тилин билбесе мектептерге кабыл алууга тыюу салган мыйзамды жактырды

Орусиянын Мамлекеттик думасы мигранттардын балдарын мектепке кирер алдында орус тилинен милдеттүү тестирлөөгө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоорго ылайык, сынактан өтпөй калган балдар билим берүү мекемелерине киргизилбейт.

Документке ылайык, орус тилинин деңгээли билим берүү программасын өздөштүрүүгө жетиштүү болууга тийиш. Мыйзамдын авторлору бул "орусиялык жарандардын сапаттуу билим алуу укуктарын камсыздайт" деп ырасташат. Тесттен өтпөй калган балдар тил деңгээли жакшыргандан кийин кайра аракет кыла алышат. Ошол эле маалда Орусияда жүрүү мыйзамдуулугун тастыктаган документтери жок мигранттардын балдары мектептерге кабыл албайт.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы 208 миңден ашык мигрант бала орус мектептеринде окуган, анын 18 пайызы тилди билүү деңгээли өтө төмөн экенин көрсөткөн. Мугалимдердин өздөрү да тил билбеген окуучулар менен иштөө үчүн ресурстардын жетишсиздигин жана адаптациялоо программалары зарылдыгын айтышат.

Ошол эле учурда укук коргоочулар эгер бала тил билбесе, бул аны үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн негиз эмес экенин белгилешет. Адистер мектепке кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган өспүрүмдөр социалдык чөйрөдөн четте калуу коркунучу бар деп кооптонушууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан