Баткен районунун Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАПка күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр жарыгы берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда өткөн иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер катышты.
Айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" ишканасы тарабынан орнотулду.
Белгилей кетсек, президент
Садыр Жапаров 29-сентябрда Зардалы айылына барып, жол салынып, электр жарыгы тартыларын
айткан болчу. Өлкө башчы бул боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон. Буга чейин аталган айылга уюлдук байланышы орнотулганы
кабарланган.
Маалымат үчүн: Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.