Ош облусунда энергетика тармагында үч объект колдонууга берилди

Ош облусунда энергетика тармагында үч объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында Энергетика министринин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган иш-чараларга Энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жаңылануу, генерацияны көбөйтүү, ири долбоорлорду ишке ашыруу иштери акыркы жылдары ыкчам аткарылып жатканын баса белгиледи.
Алгач Кара-Кулжа райондук электр тармактарына жаңы заманбап имарат колдонууга берилди. Жаңы имаратты пайдаланууга берүү менен 14 миң 673 даана керектөөчүлөрдүн тейлөө сапаты жогорулады. Буга чейин Кара-Кулжа РЭТинин административдик имараты 1965-жылы курулган жана акыбалы авариялык жараксыз абалда болгон.
Ошондой эле Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында 110/10 киловольт көмөк чордону ишке берилди. Бул маселе экинчи Элдик курултайда көтөрүлгөн.
Мындан тышкары Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, жаңы 10 киловольттук заманбап СИП-3 аба чубалгысы курулуп ишке берилди. Жалпысы 1335 абоненттин электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулатылгандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан