Израил Сириянын аскер-деңиз флотун жок кылганын билдирди  

Израил 10-декабрга караган түнү Сириянын аскер-деңиз флотун жок кылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, чабуул “стратегиялык коркунучтарды жок кылуу боюнча масштабдуу операциянын” алкагында жасалган.

The Times of Israel маалымат булагы Сириянын кемелери Минет-эль-Бейда булуңуна жана Латакия портуна жасалган ракеталык чабуулдардын натыйжасында жок кылынганын билдирген.

Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац аскерлер Сирия менен Голан дөңсөөлөрүнүн ортосундагы буфердик зонада өз позицияларын чыңдап жатканын билдирди. Алар туруктуу күчү жок демилитаризацияланган зонаны түзүүнү пландаштырып жатат. Муну менен Тель-Авив сириялык козголоңчулар тарабынан коркунуч болбошуна кепилдик берүүдө.

Өткөн түнү Израилдин согуштук учактары болжол менен 250 аскерий объектиге сокку урду. Коопсуздук булактары жана Сирия армиясынын офицерлери бул сокку эң күчтүү чабуул болгонун айтышканы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан