Коңшу Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын атасы Азат айылында инисин акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин полиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Алматы облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Полициянын маалыматына ылайык, кечээ, 10-декабрда саат 15:30да Азат айылында маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда коомдук тартипке жана башкалардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген окуя болгон.
"Н. аттуу жаран прокурордун мыйзамдын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөрүнө көңүл бурбай, өзүн өтө агрессивдүү түрдө алып жүргөн. Ал тажыядан кийин башкаларды өз жанын кыюу менен коркутуп, ошондой эле полиция кызматкерине бычак менен кол салган. Анын жүрүм-туруму туура эмес болуп, өзүнө да, башкаларга да коркунуч туудурган.
Анын абалына тынчсызданган жакындарынын жана жактоочуларынын өтүнүчү менен анын жана айланасындагылардын өмүрүнө зыян келтирбөө максатында полиция кызматкерлери тарабынан кармоо чаралары көрүлгөн", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Учурда ал полиция бөлүмүндө, аны менен психологдор иштеп жатат.
Эске сала кетсек, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.