Кыргызстандын аймагында түндө саат 3:30 чамасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу Талды-Суу айылынан 9 чакырым түштүктө, Өзгөрүш айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Первомайск айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 37 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Өзгөрүш, Талды-Суу, Первомайск айылдарында 3 баллга жакын сезилди.