"Пахта, кагаз колдонбоңуз". ӨКМдин балатыны кооздоо боюнча сегиз кеңеши

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Мындан улам майрамга карата даярдыктар, анын ичинде балатыны орнотуу, кооздоо иштери кызуу жүрүүдө. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга кайрылып, коопсуздук эрежелерин эске салды.

Аларды төмөндө тизмектейбиз:

* алгач балатынын бутактарын дубалга жана шыпка тийгизбей туруктуу негизге орнотуу;
* балатыны пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кетүүчү касиетке ээ заттар менен жасалгалоого тыюу салынат;
* электр гирляндалары заводдон жасалган жана кемчиликсиз болушу керек. Айта кетсек, жылытуу зымдары, учкун чыгаруучу, жаркыраган жарыктар ж.б.;
* гирляндаларды тандоодо көчөгө же үй үчүн жасалганына көңүл буруу абзел;
* балатынын жанында шамдарды жана пиротехникалык заттарды колдонууга тыюу салынат;
* жаш балдарга жарыктандырууну өз алдынча күйгүзүүгө жол бербөө шарт;
* үйдөн чыкканда электр түйүнүнө туташтырылган электр гирляндасын күйгүзгөн бойдон калтырбаш керек;
* жука айнектен жасалган оюнчуктарды алуу сунуш кылынбайт. Алар өтө майдаланып, сынып зыянын тийгизиши мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан