Башкы прокуратура Бишкектеги кыш заводдору абаны булгап жатканын аныктады 

Бишкек шаарынын четиндеги Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылындагы кыш заводдору абаны булгап жатканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, аталган аймакта жайгашкан "И.Г." жана "Б." компанияларынын кыш заводдору тиешелүү талаптарды бузуп, экологиялык корутундусуз иштеп жатканы белгилүү болгон. Анын натыйжасында Бишкек шаарындагы абанын булганышын шарттаган.

Ошондой эле Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери көзөмөл жүргүзбөй, мыйзам бузууларга жол берилгени айтылат анда.

Ал эми аталган фактылардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө органдарына өткөрүлүп берилгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан