Бүгүн, 11-декабрь – сүйүү сезимдери менен бийлене турган танго бийинин эл аралык күнү. Бул майрам аргентиналык белгилүү актёр, ырчы жана музыкант, "тангонун падышасы" катары белгилүү болгон Карлос Гарделдин туулган күнү менен байланыштуу. Ал 1890-жылы туулган.
Алгач бул күндү 1978-жылдан тарта аргентиналыктар майрамдап келишкен, андан кийин Эл аралык майрамга айланган. Учурда бул күндө дүйнөнүн көпчүлүк эли танго бийин бийлеп белгилешет.
Ал эми 2009-жылы ЮНЕСКО тангону музыканын, бийдин, поэзиянын чөлкөмүнүн уникалдуу салттарынын жыйнагы катары таанып, материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кошкон.
Танго – аргентиналыктардын элдик бийи болуп саналат. Бул бийде өнөктөштөр бири-бирин кыймыл-аракет аркылуу түшүнүү керек. Бийчилер бийлөө аркылуу өмүрүндө болгон окуяларды чагылдырышат. Танго бийин бийлеп, сөз менен жеткире албаган нерсени өнөктөшүңүзгө, көрүүчүлөргө жеткире аласыз.
Бийди аял, эркектен турган жуп бийлеп, ортодогу сүйүүнү бий менен жеткиришет. Алар бийлөө аркылуу чыр-чатак, жарашуу, мамиле куруу жана сүйүүнү көрсөтүшөт.
Танго бийинин тарыхы
Аталган бийдин жаралуу тарыхы 19-кылымдын аягына барып такалат. Анда бакыт издеген кедей, карапайым эл бийликтегилерге кыймыл-аракет аркылуу жашоо шарттын түшүндүрүүгө аракет кылышкан.
Бул бийди алгач жалаң эркектер аткарып келгени айтылат. Убакыттын өтүшү менен, эки адам ортосунда тактап айтканда жуптар бийлей турган бийге айланган. Бийлөө маалында аял толугу менен эркекке баш ийет, аны өнөктөшү кайда алып барса, ошону ээрчип кыймыл аракетине жооп берип бийлөө керек.
Танго бийи 1920-1930-жылдары Аргентинада активдүү өнүгө баштаган. Ал эми 1930-1940-жылдары көптөгөн танго оркестрлери пайда болуп, бул жылдар "тангонун алтын доору" деп аталып калган. Ошону менен катар "Танго салон" стили пайда болуп, ал тамактануучу жайларда, эл чогулган жерлерде бийлене баштаган.
1950-жылдар экономикалык кризистен улам Аргентинанын аскерий диктатурасы тарабынан танго бийин коомдук жерлерде бийлөөгө чектөөлөр коюлган.
1990-жылдары Аргентинада танго музыканттарынын аракети менен бий кайрадан жанданган. Учурда аталган бий дүйнөдөгү эң таанымал элдик бий болуп саналат. Аны коомдук жайларда, сахнада бийлей алышат.