Кыргызстандыктарга Кытайда окуу үчүн 17 өкмөттүк стипендиялык орун бөлүндү

2025-2026-окуу жылына Кытайдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окуу үчүн кыргызстандыктарга конкурстук тандоо башталды. Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, бакалавр, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча 17 орун мамлекеттик стипендия бөлүндү.
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режимде каттоодон өтүшү керек. Толук маалымат алуу үчүн бул ссылкага https://edu.gov.kg/posts/3735/ кирсе боло тургандыгы айтылган. Талап кылынган документтерди 2025-жылдын 15-январь Бишкек убактысы боюнча саат 23:59га чейин жүктөө керек экендиги маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, бул программа 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган эки мамлекеттин Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан