Төрага Шакиев башка өлкөлөрдө жок сөз эркиндиги Кыргызстанда бар экенин айтты

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдө сөз эркиндигине чектөө жок экенин билдирди.

"Көптөгөн эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, төмөндөп кетти деген ар кандай индекстер менен баа берип келишет. Бирок бул туура эмес. Буга мисал, бүгүн парламентте мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү улам бир депутатты чакырып, каалаган суроолорун берип жатышат. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө жок. Парламентаризмдин бешиги саналган Улуу Британияда журналисттер отурган жайды айнек терезе менен бөлүп, тосуп койгон. Тагыраагы, журналисттер жыйын учурунда депутаттарды чакырып, суроо бере албайт. Чыгып бара жатканда да депутаттар башка эшик менен, журналисттер башка эшик менен чыгып жолугушпайт. Мына ушундай негизде иш алып барган өлкөлөр бизге баа берип жатканы түшүнүксүз", - деди Шакиев.

Ошондой эле төрага журналисттерди өлкөнүн сөз эркиндигинин абалына айтылган сындарга жооп берүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан