Инисинин тажыясынан кийин өзүнө кол салууга аракет кылган Шерзат Болаттын атасына өкүм чыкты

Коңшу Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын атасы Каржаубай Нурымов 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Каржаубай Нурымов бейбаштык үчүн 15 суткага камакка алынган. Адвокаттар апелляциялык арыз берүүгө ниеттенүүдө.

Азыр Каржаубай Нурымов райондук ооруканада жатат. Анын аталаш бир тууганы Бахыт митингге чакырганы үчүн 15 күн камакка алынган, андан тышкары ал Казакстандын жараны эмес болгондуктан өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Кечээ, 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Андан кийин ал кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан