Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын 1-январынан тартып коррупцияга байланыштуу мыйзамдар күчөтүлөрүн билдирди.
Ал "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса жемкорлор жазасыз калбастыгын айтты.
"Коррупцияны мен өзүм жогото албайм, коомчулук менен чогуу биргелешип жоготобуз. Аракет кылсак жок болот. "Бандиттерди жоготобуз" дедик беле, жоготтук. Ошол бандиттер кана азыр? Мындан ары болбойт дагы. 2025-2026-жылдары коррупциянын деңгээли төмөндөшү керек. Жок болуп кетсе андан дагы жакшы болот...
Жемкорлордун кылган эмгегине, кызматына, коомдогу ордуна карабастан бардыгын жазалайбыз. Менден коркпосо, мыйзамдан корксун!" - деди Ташиев.