
Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев басылмалардын бирине берген маегинде борбор калаадагы үч кесилиште эстакадалык көпүрө курула тургандыгын айтып, пландар менен бөлүшкөн.
Анын айтымында, эстакадалык көпүрөлөрдү жана түйүндөрдү куруу үчүн Кытай грантынын эсебинен 3-фазага 220 миллион юань, 4-фазага 326 миллион юань бөлүнүшү ыктымал.
"Куруу иштерин келерки жылы баштайбыз деген үмүттөбүз, анткени биз долбоорубузду Кытай тарапка жөнөткөнбүз.
Биз төмөнкү кесилиштерди карап жатабыз:
- Жибек Жолу проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши;
- Лев Толстой көчөсү менен Фучик көчөсүнүн кесилиши;
- Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши.
Башкача айтканда, бул долбоорлор буга чейин бир нече жолу талкууланып, колдоо таап, ишке ашырууну баштоо максатында Кытай тарапка жөнөтүлгөн", - деп белгилеген мэр.