Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде 5-орунга жайгашты. Мындай маалымат дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 11-декабрга карата индексинде көрсөтүлөт.
Ал эми абасы эң кир шаарлардын сап башына Ирандын Тегеран шаары жайгашса, экинчиге Бангладештин борбору Дакка, үчүнчүгө Пакистандын Лахор шаары жайгашкан.
Аталган индексте Бишкек кызыл түстө белгиленип, абасы кир шаарлардын катарын толуктады. Саат 15:00гө карата абанын сапатынын индекси 172 (AQI) жана PM2.5 деп белгиленген.