Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 11-декабрдагы жыйынында өлкөнүн 2025-2026-жылдардын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Талкуу учурунда эл өкүлдөрү инфраструктуралык объектилердин курулушу, аймактарды өнүктүрүү, коррупцияны жоюу, экономиканы өнүктүрүү, мигранттардын укуктарын коргоо жана башка маанилүү маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында каттоодон өткөн 83 депутаттын 80и мыйзам долбоорлоруна "макул " деп добуш берсе, 1 эл өкүлү "каршы" добушун берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан