Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарынын тургундары үчүн Европадан 68 даана автобус алынып келе жатканын жазды.
Айтымында, учурда автобустар Кордайга жетип калган.
"Европадан 3 эшиктүү 68 даана автобус келе жатат, учурда Кордайга келип калды. Аз күндө каттамга коюлат. Бир жыл мурда эле шаар ичин маршруттук таксилер тейлечү эле, азыр анын баары шаардан чыгарылып, ордун жаңы автобустар алмаштырды", - деп жазды ал.