Кремлде Сириянын экс-президенти Башар Асаддын аталаш тууганы Сирияда өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты.
Журналисттер Песковдон Асаддын аталаш тууганы Сулеймандын Сирия оппозициясы тарабынан өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалыматка комментарий берүүсүн жана Кремлдин тиешелүү маалыматы барбы деген суроо берилди.
"Жок, бизде маалымат жок. Биз, албетте, азыр Сирияда болуп жаткан бардык нерселерди кылдаттык менен көзөмөлдөп жатабыз", - деген Кремлдин расмий өкүлү.
Буга чейин Башар Асаддын аталаш тууганы Сулейман Сирияда эл алдында дарга асылганы кабарланган. Ал жакындарынын артынан өлкөдөн чыга албай калган. Козголоңчулар аны Латакия шаарынан кармап, ошол эле шаардын борборунда элдин көзүнчө дарга асылганы белгилүү болгон.