Орусиянын Мамлекеттик Думасы мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда милдеттүү түрдө орус тилин билүүсүн текшерүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.
Эми Орусиянын аймагында орус тилин билбеген мигранттардын балдары орус мектептерине киргизилбейт. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. 409 депутат макул, бирөө каршы добуш берди.
Мыйзам долбоору "орусиялык жарандардын билимге болгон укуктарын коргоону камсыздайт, ошондой эле анын жеткиликтүүлүгүн жана сапатына кепилдик берет" деди Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары жана мыйзам долбоорунун автору Ирина Яровая.
Ал белгилегендей, эгер бала тесттен өтө албай калса, ата-энелер кийинчерээк баласын орус тилинен жакшылап даярдап, кайра мектепке кабыл алууга алып келсе болот. Буга чек коюлбайт.