Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Тегеран Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын өкмөтүнө коркунучтар тууралуу үч ай бою эскертип келгенин билдирди. Бул тууралуу SNN телеканалына таянып ТАСС агенттиги жазды.
"Мындан бир нече ай мурун биздин чалгын кызматтары Дамаскка эскертүүчү билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Бирок алар жогорку даражалуу аткаминерлерге жеткенби же жокпу билбейм. 23-августтан 21-ноябрга чейин тынымсыз билдирүүлөр жөнөтүлүп турган", - деген ал.
Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана 8-декабрда борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болгон.