Бокс боюнча Азия чемпиондугунда медаль уткан казак мушкери пьедесталга чыгуудан баш тартты

Коңшу казакстандык мушкер Дулат Бекбауов бокс боюнча Азия чемпиондугунун финалында калыстардын чечимине макул болбой, бойкот жарыялады.

Бекбауов бокс боюнча Азия чемпиондугунда 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, финалга чейин жеткен. Финалда ал өзбекстандык Мужибилло Турсуновго утулуп калып, калыстарга нааразычылык иретинде медаль тапшыруу аземине чыкпай койду.

"Дулат Бекбауов финалда калыстардын чечимине макул болбой, сыйлык тапшыруу аземине чыккан жок", - деп билдирди Казакстандын бокс федерациясынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, беттештин жүрүшүндө калыстар биринчи раундду өзбекстандык мушкерге, экинчи раундду Дулат Бекбауовго беришкен. Чечүүчү раундда калыстарга видеокайталоону да көрүүгө туура келди. Жыйынтыгында калыстар жеңишти Мужибилла Турсуновго ыйгарышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан