Майлуу-Сууда 5 жашар кызын чыбык менен сабаган киши эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда өз атасы 5 жашар кызын сабап жаткан видео тараган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева балдарга карата зомбулукту болтурбоонун алдын алуу керектигин билдирип, атасы тарабынан сабалган кыздан жана анын апасы, бир туугандарынан кабар алган.
Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичимдик ичип келип, тынчтык бербей ызы-чуу салганынан бир баласын алып, үйүнөн чыгып кеткен. Аталган окуя 14-ноябрда болгон.
Милиция кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.
Ал эми 5-декабрь күнү аталган жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганы маалым болду.