Сирия режимин кулаткан куралдуу оппозиция Латакиядагы экс-президент Башар Асаддын атасы Хафез Асаддын мүрзөсүнө кол салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Оппозициядагылар Латакия шаарындагы экс-президенттин атасынын мүрзөсүнө барып, аны талкалашкан.
Ушул эле шаарда Башар Асаддын аталаш тууганы элдин көзүнчө дарга асылган.
Башар Асаддын атасы Хафез Асад 2000-жылы каза болгон. Ал каза болгонго чейин өлкөнүн президенти болуп дээрлик 30 жыл иштеген. Андан кийин эле Башар Асад 2000-жылы 17-июлда Сириянын президенти болгон.