Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз-Орус Славян университетинде Эл аралык университеттер арасында "Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүндөгү чакырыктарга жана коркунучтарга көп факторлуу талдоо" темасында илимий-практикалык конференциясы башталды.
Аталган иш-чара 4 күнгө созулуп, алдыда Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөрүлөт.
Илимий-практикалык конференциянын алкагында тегерек стол дагы уюштурулат.