Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги 2024-жылды жыйынтыктап жатып, креативдүү индустриядагы жетишкендиктер менен бөлүштү.
Курултайда эл башчысы Касым-Жомарт Токаев жаңыча көз караш менен чыгармачылыкты өнүктүрүү тармагы анын жеке көзөмөлүндө экендигин айткан.
“Креативдүү тармак өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн эң маанилүү тармактарынын бири болуп каларына ишенем”, - деп белгилеген казак башчысы.
Казакстандын креативдүү тармактары үчүн 2024-жыл Global Innovation Index-2024 глобалдык рейтингинде жылыш менен белгиленди. Өлкө “Креативдүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр” боюнча 93-орундан 65-орунга көтөрүлдү.
Бул динамика системалуу иштердин жана мамлекеттик колдоонун натыйжасы. Креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн Маданият жана маалымат министрлиги өзүнчө иш-чаралардын комплексин иштеп чыккан.
Өзгөчө көз караш менен жаңы багытка кадам таштаган чыгармачыл адамдардын ишмердүүлүгүн көмүскө экономикадан чыгаруу алгачкы милдеттердин бири болду. Бул максаттар үчүн өзгөчө салык режиминдеги реестрге креативдүү индустриянын 40 түрү киргизилген. Ишкерлер салыктын бардык түрлөрүн төлөөдөн (КТС, жеке киреше салыгы, КНС) бошотулган. Алар жеке ишкерлер үчүн 2-4 пайыздык, ЖЧКлар үчүн 8 пайыздык бирдиктүү салык төлөшөт.
Мындан улам бүгүнкү күндө 135 миңге жакын казакстандык кративдүү индустрия жаатында эмгектенип жатышат. Божомолдор боюнча, 2029-жылга карата алардын саны эки эсеге көбөйөт.
Креативдүү өндүрүштөр жана кызмат көрсөтүүлөр – оригиналдуулук, инновация жана адам эмгегинин жогорку баасы катары эсептелет. Мамлекеттин милдети – интеллектуалдык менчиктин коопсуздугун камсыз кылуу.
Бул багытта окуу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен тыгыз кызматташтык түзүү аракети көрүлүүдө. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги жана Юстиция министрлиги уюм менен биргеликте казакстандык жаратуучулар үчүн билим берүү платформасын ишке киргизүүнү пландаштырууда.
Кративдүү товарларды жана кызматтарды коммерциялаштырууга колдоо көрсөтүү үчүн Казакстандагы банктардын биринин тиркемесине жайгаштыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Дагы бир маанилүү жагдай – жаратуучулар үчүн инфраструктураны түзүү. Президенттин тапшырмасы менен Казакстандын бардык ири шаарларында атайын хабдар ачылууда. Учурда мындай борборлор Астана, Алматы, Түркстан, Шымкент, Атырау, Кызылорда, Петропавловск, Актөбө жана Алматы облусунда иштеп жатат.
Мындан тышкары корпоративдик фонд да түзүлүүдө. Фонддун негизги максаты өзгөчө багытта жаратылып, креативдүүлүк менен ойлоп табылган товарларды жана кызматтарды эл аралык рынокко жайылтуу, таланттарды колдоо, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн продуктуларын экспорттоо жана коммерциялаштыруу болуп саналат.