Жалал-Абад шаарында жаңы курулган кинотеатрды инвесторлор иштетет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимге калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана “Galaxy Cinema” компаниясынын жетекчиси Курманбек Бегалиев кол койду. Келишимге ылайык, аталган компания кинотеатрга 35 миллион сом инвестиция салып, ал каражатка кинотеатрдын ичин кино көрсөтүүгө керектүү каражаттар менен жабдуу, көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жумуштарын жүргүзөт. Мындан сырткары ай сайын шаар бийлигине ижара акы төлөйт.
Аталган кинотеатр Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Түмөнбай Байзаков атындагы паркта жайгашкан. Анын курулушуна республикалык жана жергиликтүү бюджеттен жалпы 54 миллион сом жумшалган.