Баткенде 2847 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардам алып, долбоор 100% аткарылды. Бул туурасында кечээ, 12-декабрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалымдалгандай, анын ичинен, республикалык бюджеттин эсебинен 2440 үй-бүлөгө, Дүйнөлүк банктын эсебинен 407 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.
"Аймакта акыркы 3 жыл ичинде жалпысынан 4196 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардамга ээ болушкан. Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, кызмат көрсөтүүлөр, соода-саттык сыяктуу тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Алардын ичинен пайызсыз насыя берүү долбоорунун алкагында ишкердигин кеңейтүү үчүн 3 үй-бүлөгө 200 000 сомдон каражат берилген", - деп айтылат маалыматта.