Грозныйда аскер имаратына учкучсуз учактар менен чабуул жасалды (видео)

Чеченстандын борбору Грозныйда аскердик атайын полкутун имараттарынын үстүнөн Украинанын учкучсуз учактары атып түшүрүлдү. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, өлкө башчысы Рамзан Кадыров күзөттө турган 4 аскер жаракат алганын билдирди.

Анын айтымында, дрон имараттын чатырын бузуп, айнектерин сындырган. Ошондой эле өрт чыгып, ал тез арада өчүрүлгөн. Чеченстандын башчысы Имарат олуттуу зыянга учураган эместигин кошумчалаган.

Белгиленгендей, бул Грозныйга болгон үчүнчү чабуул. Буга чейин аскер окуу жайына жана полициянын патрулдук кызматынын имаратына учкучсуз аппараттар менен чабуул жасалган.

12.12.24.
Грозныйга болгон чабуул.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан