Ошто мурда соттолгон жарандар баңгизат менен кармалды

Ош шаарынан баңгизат сатып жүрүүгө шектүү катары эки жаран кармалды. Бул туурасында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бул кылмыштын бетин ачуу үчүн эки ай бою ыкчам көзөмөл иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада Ош шаарынын 1981-жылы туулган К.А. жана 1991-жылы туулган М.Т. аттуу жарандары баңгизат сатып жүргөн жеринен кармалышты.
Тергөө кызматы шектүүлөргө тинтүү жүргүзгөн учурда алардын жанынан 5.13 грамм баңгизаты табылып алынган. Ошондой эле алардын бири уурулук, тоноо, каракчылык беренелери менен соттолгону белгилүү болду. Ал эми экинчи шектүү 17 батирге уурулукка киргени үчүн кармалып, үй камагында жүргөнү аныкталды.
Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, тергөө аяктаганга чейин камакта калтырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан