Түркия Эфиопия менен Сомалини элдештирди (видео)

Сомали менен Эфиопиянын лидерлери өлкөлөр ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд жана Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Сомали жана Эфиопиянын Түркияга болгон ишениминин аркасында тараптардын болжол менен 8 ай мурда башталган Анкара процессинде маанилүү баскычка жеткенин айтты.

"Тынчтыкка жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка негизделген жаңы башталышка карай алгачкы кадам ташталды", - деп баса белгиледи Эрдоган.

Түрк президенти макулдашылган биргелешкен билдирүү аймактагы кызматташтыкка, экономикалык өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

Эске салсак, Эфиопия менен Сомалинин Федеративдүү Республикасынын ортосундагы мамилелер Аддис-Абеба менен Сомалиленд Эфиопиянын деңиз портторуна жетүүсүн камсыз кылуу үчүн өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүүнү чечкенден кийин бузулган.

Белгилей кетсек, Сомалиде Түркиянын деңиз күчтөрү жайгашкан базасы жана аскер окутуу борбору бар. Түрк аскер адистери Сомалинин армиясын реформалаганга жардам көрсөтүүдө.

Түркия Эфиопия менен Сомалини элдештирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан