Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 11-декабрда эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир сааттык телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
"Бул орус-украин согушунун эң коркунучтуу апталары. Биз ок атышпоо жана тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча дипломатиялык кадамдарды жасап жатабыз", - деп жазган Орбан социалдык баракчасына.
Өз кезегинде Кремлдин басма сөз кызматы венгриялык тараптын демилгеси менен Владимир Путин менен Орбандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгонун жазды.
Анын ичинде украиналык маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Виктор Орбан кризисти саясий жана дипломатиялык жол менен, анын ичинде бир катар Батыш лидерлери менен болгон байланыштарын эске алуу менен чечүү жолдорун биргелешип издөөгө көмөктөшүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Кошумчалангандай, Владимир Путин Украинанын айланасындагы кырдаалдын азыркы өнүгүшүнө жана жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып жаткан Киев режиминин деструктивдүү линиясына принципиалдуу баа берди.
Сириядагы акыркы окуялардын контекстинде Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү курч кырдаал да талкуулангандыгы маалыматта кошумчаланган.