Бул күнү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган. Анын басып өткөн өмүр таржымалы 

Бул күнү, 12-декабрда кыргыз атын ааламга тааныткан жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлсө, кыргыз поэзиясынын алпы аталган Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн. Бул даталарды эске алуу менен 12-декабрь – Улуттук адабият күнү катары 2011-жылдан бери белгиленип келет.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка чыкмак. Дүйнө эли чыгармаларын суктануу менен окуган жазуучу Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген.

ЮНЕСКОнун берген маалыматында Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары 127 мамлекетте 165 тилде 80 миллион нускада жарыкка чыккан. Ал эми анын чыгармачылыгы жөнүндө дүйнөнүн 47 мамлекетинде 328 китеп, 3740 илимий макала жарык көргөн.

Чыгармачылыгы

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.

Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле "Полктун уулу" повестин жана "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыкка чыгат.

Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган тасмалар эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына, байгелерине татыктуу болгон.

Жазуучунун чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болду. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Жамийла" (1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Ал эми анын "Кызыл жоолук жалжалым" (1961), "Бото көз булак" (1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийикке көтөрүлгөн.

Анын "Саманчынын жолу" повести Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. Баарыбызга белгилүү болгондой жазуучунун балалык чагы согуш маалына туш келген. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана болон. Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып "Эрте жаздагы турналар" (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жазган.

Иш тажрыйбасы

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жылдары Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жылдары Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жылдары "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жылдары Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жылдары "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

Алган сыйлыктары

Чыңгыз Айтматов 1968-жылы Кыргыз эл жазуучусу, 1979-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Ал эми 1974-жылы КРУИАсынын анык мүчөсү, 1978-жылы Социалдык Эмгек Баатыры, 1963-жылы Лениндик жана 1968, 1977, 1983-жылдары СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. 1983-жылы Парижде Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү, 1987-жылы Стокгольмда Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги, "Ысыккөл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты боло алган. Ошондой эле 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамын алган.

Үй-бүлөсү

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен.

Апасы Нагима Айтматова теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза – караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса, билимдүү, эл оозуна алынган акылдуу аялдардан болгон.

Атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова Түштүктө жашап иштегендигине байланыштуу, Чыңгыз 1932-1934-жылдары Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1934-1935-жылы Фрунзеге ата-энеси которулуп келгенде дагы балдар бакчасына баруусун уланткан.

Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы Керез Шамшыбаева болгон. Керез 1930-жылы 10-августта Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга кыштагында туулган. Ал Бишкектеги Медицина институтунун ординатурасын аяктап, кулак, тамак, мурун ооруларын айыктыруу жаатындагы адис болгон. Чыңгыздан 1954-жылы Санжар, 1959-жылы Аскар деген уулдарды төрөгөн. 1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз менен Керез эки жолго түшүшкөн. Керез Шамшыбаева 1999-жылы 6-мартта бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү Байтик айылына жакын көрүстөнгө коюлган.

1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Айтматовага үйлөнгөн. Мария Айтматова Москва шаарында Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктаган. Оболу Мария бир жапон жигитке турмушка чыгып, Жапонияда жашаган, кийин аны менен ажырашкан. Мария кыргызча, орусча, англисче мыкты билет. Чыңгыз Айтматов менен Мария Айтматованын Ширин аттуу кызы жана Элдар аттуу уулу бар.

Чыңгыз Айматовдун үй-музейи

Жазуучунун уулу Элдар Айтматовдун айтымында, бул үйдө жазуучу 1984-жылдан тарта жашаган. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 2014-жылы үй-бүлөлүк демилге менен үй-музей болуп ачылган.

Музей 7-8 бөлмөдөн турат. Музейдин ичинен киши жашап жүргөндөй керектүү буюмдардын бардыгын көрүүгө болот. Үйдүн экинчи жарымында жазуучунун уулу Элдар Айтматов үй-бүлөсү менен жашайт. Жазуучунун атындагы эл аралык фонд дагы ушул жакта.

Сыртка чыкканда келгендердин көзүнө токтоп турган Ягуар унаасы урунат. Ал эми үйдүн короосунан улуган карышкыр менен төөнүн статуясын көрүүгө болот.

Элдар Айтматов белгилегендей, жазуучунун үй-музейин көрөм дегендерге эшик ачык.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан