Көптөгөн сириялык согушкерлер Кардаха шаарында Сириянын качып кеткен президенти Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн мүрзөсүн бузуп, атасынын табытын өрттөштү. Бул тууралуу британиялык The Sun басылмасы жазып чыкты.
"Асаддын үй-бүлөсүнүн кичи мекени Кардахтагы мүрзөнүн айланасында камуфляж кийген согушкерлерди көрүүгө болот. Кадрларда согушкерлер менен карапайым калк колдоп, майрамдап, табыт күйүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматта Хафез Асад менен бирге жубайы Аниса жана улуу уулу Базилдин сөөгү коюлганы белгиленди.
Башар Асаддын атасы 1971-жылдан 2000-жылга чейин Сириянын президенти болгон.
Белгилей кетсек, 8-декабрга караган түнү оппозициялык топтор Дамаскты басып алышкан. Сирия армиясынын командачылыгы Асаддын бийлиги аяктаганын жарыялады. Экс-президент өзү өлкөдөн чыгып, Орусияга кетип, ал жактан башпаанек алган.
Мындан тышкары Башар Асаддын атасынын эстеликтери кулатылып, ошондой эле анын сарайы тонолуп, өрттөлгөн.