Эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү, балбан Тайырбек Жумашбек уулу үйлөндү. Балбандын үйлөнүү тоюндагы видео социалдык тармактарга тарады.
Тайырбек Жумашбек уулунун тою кечээ, 11-декабрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн. Балбан Роза аттуу кызга үйлөнгөн.
24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча белгилүү балбандардын бири. Ал учурдагы Азия чемпиону.