Бишкек шаарынын аймагында сойкулук уюштурууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Милициянын маалыматына ылайык, 11-декабарь күнү, болжол менен саат 03:00 чамасында милицияга Түгөлбай-Ата көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Чакыруу болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө С. аттуу аял кыздарды сойкулукка тартып, шарт түзүп берип жүргөнү аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.С. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.