Москвада 28 жаштагы Кыргызстандын жараны зордуктоого шектелип кармалганын ВЧК-ОГПУ Telegram каналы өз булактарына таянып жазды.
Анда жарыяланган маалыматка ылайык, бул иш боюнча жабырлануучу 16 жаштагы Н. аттуу өспүрүм болгон. Ал Москвага Воронежден келген.
Окуя 7-декабрь күнү кечинде болгон. Анда темир жол вокзалында турганда ага А. аттуу кыргызстандык жигит келип, телефон чалып алууну суранган. Ал жерден экөө таанышып калган.
Таанышкандан кийин кыргыз жигити өспүрүмгө баңгизат берип, андан кийин мейманканага чакырганы айтылды. Мейманканага бара жаткан жолдо кыргыз жигити өспүрүмдү жерге жыгып, андан кийин зордуктаган.
Ошондой эле кыргызстандык жигит зордуктоодон кийин өспүрүмдү тоноп кеткенге дагы шектелүүдө.
Полиция бул окуя боюнча 28 жаштагы кыргызстандык жигитти кармаган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө эч кандай зордуктоо болбогонун, жабырлануучунун макулдугу менен гана болгонун айткан.