Криштиану Роналду дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугун алган Сауд Арабиясына кайрылды

Португалия курама командасынын жана "Аль-Наср" клубунун атактуу чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын футбол боюнча дүйнө чемпиондугун өткөрүүчү өлкө деп жарыяланышына байланыштуу билдирүү жасады.

"Сауд Арабиясын жана өлкөдөгү бардык досторумду куттуктайм. Мен билем, бүгүн баарыңар абдан кубанып жатасыңар. Мен 2034-жылкы дүйнө чемпиондугу тарыхый болоруна ишенем", - деп жазды Роналду социалдык тармактагы баракчасына.

Эске сала кетсек, кечээ, 11-декабрда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) конгресси өтүп, анда 2030 жана 2034-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиондуктары өтө турган жерлер расмий жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан