Коңшу Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Шерзат Болаттын атасы Каржаубай Нурымовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын жактоочусу Аскар Каймаков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Адвокаттын айтымында, полиция Каржаубай Нурымовго карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу") менен кылмыш ишин козгогон.
"Биздин өкүлдөр полиция айткандай Каржаубайды кармоону суранган эмес. Ошондой эле туугандары маркум Нурканаттын жеке каттарын жарыялоого макулдук беришкен эмес", - деп жазды жактоочу.
Ал соттун Каржаубайды 15 суткага камакка алуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.
"Сот одоно мыйзам бузууларга жол берди. Полиция Каржаубай Нурымовго карата сотко чейинки тергөө ишин баштады", - деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.
10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Андан кийин ал кармалган.