Марк Цукерберг Дональ Трамптын инаугурациясына 1 миллион доллар берди

АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамптын инаугурациясына ишкер Марк Цукербергдин Meta компаниясы 1 миллион доллар акча каражатын бөлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Цукерберг фондго акча бөлө турганын Трамп шайлоодон жеңишке жеткенде билдирген.

Буга чейин Цукербергдин Мета компаниясы мындай кадамга барган эмес. Ал 2017-жылы Трамп фондуна да, 2021-жылы АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин фондуна да акча каражат бөлгөн эмес.

Ал эми шайлоо учурунда Цукерберг бир дагы талапкерди колдоп чыкпаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан