УКМК мурда депутат, губернатор, министр болуп иштеген жаранды кармады (фото)

УКМК коррупцияга шектеп мурдагы аткаминерди кармады. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И. 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен "Токчулук" мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.

"Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 миллион сомду түзөт. Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан