Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин карап чыгышкан.
"Эки өлкөнүн тышкы иштер башчылары саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде экономикалык жана инвестициялык келишимдерге кол коюу жана бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргызстан менен Хорватиянын ортосунда миграция, туризм жана энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында да кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Хорватиянын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жана консультациялар жөнүндө протоколго кол коюшканы маалым болду.