Биз социалдык тармакта

Таласта Манас Ордо комплексинин жетекчиси алмашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Камил Мамадалиев Талас облусундагы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексине башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Маданият министрлигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова тааныштырды.

Камил Мамадалиев 1981-жылы 15-сентябрда Талас облусунун Талас районуна караштуу Хан-Бүргө айылында туулган.

- Талас шаардык маданият бөлүмүндө усулчу (2001–2002);

- Талас шаардык билим борборунда “Манас таануу” боюнча жетекчи (2002–2003);

- “Жер-Үй” алтын кенинде кызматкер (2006–2009);

- Кыргыз улуттук Манас Ордо комплексинде китепканачы, улук илимий кызматкер (2011–2023);

- Кыргыз улуттук Манас Ордо комплексинде жайгашкан “Манас" эпосу музейинин директору (2023-2024)

Сыйлыктары:

- “Маданияттын мыкты кызматкери”;
- Талас облусунун “ардактуу атуулу”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан