Бишкекте сойкулук уюштурууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда милицияга Асанбай кичи районунда сойкукана уюштурулгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган учурда кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө күбөлөрдүн айтымында, “К.” жана “А.” аттуу жарандар кыздарды сойкулукка тартып, шарт түзүп берип жүргөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган А.К. жана 1991-жылы туулган Ж.А. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
"Эгерде сизде интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген адамдар же сойкуканалар тууралу маалыматыңыз болсо, 0(312) 54-41-16 же “102” кыска номерине билдирүүңүздөрдү суранабыз. Анонимдүүлүк кепилденет", - деп айтылат маалыматта.